Жаңылыктар

14.03.2024 11:42

   Кароолор: 853

ЫСЫК-КӨЛ: ОБЛУСТУК ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН АБАЛЫ БААЛАНУУДА

Учурда ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан, облустук Жарандык коргонуунун 2024-жылга карата даярдык планынын негизинде, ЖК кызматтарынын Жарандык коргонуу абалына баалоо жүргүзүлүүдө.

Атайы түзүлгөн комиссия тарабынан Суу ресурстары жана өсүмдүктөрдү коргоо кызматы менен Жаныбарларды коргоо кызматынын 2024-жылга карата иш-мерчемин жана өзгөчө кырдаалдар учурунда өздүк курамды маалымдоо, жыйноо жана уюштуруусу бааланды.

Ошондой эле аталган кызматтардын мекемелеринин өрт коопсуздугу каралып, нускамалоо жүрдү. Облус аймагында ЖК кызматтарын баалоо район жана шаарлардын деңгээлинде да өтүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу