Жаңылыктар
07.08.2024 15:07
Кароолор: 613
ЫСЫК-КӨЛ: ОБЛУС АЙМАГЫНДАГЫ ТОО КӨЛДӨРҮ ИЗИЛДЕНҮҮДӨ
Учурда Ысык-Көл облусунун аймагындагы бийик тоолу көлдөрдөгү суулардын деңгээли жырылып кетүү кооптуулугун алдын алуу максатында изилденүүдө.
Анда тоо арасындагы байкоого алынган жалпы 20 көлдүн азыркы учурда Тоң районунда 4 жана Жети-Өгүз районунда 6 көл изилденди. Жерине ӨКМдин райондук ӨК бөлүмдөрүнүн жана ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин, Гидрометеорологиялык станцияларынын ошондой эле жергиликтүү башкаруу органдарынын кызматкерлери менен биргеликте байкоо жүргүзүлдү.
Изилдөө топтору тарабынан каралган тоо арасындагы көлдөрдүн абалы туруктуу, суу деңгээли жылдагы белгиленген чегинен ашпагандыгы жана суунун көлдөн агып чыгуусу өз нормасында экени ошондой эле жырылып кетүү коркунучу жок экендиги аныкталды.
Мындай байкоо жана изилдөө иштери ӨКМдин Ак-Суу, Ысык-Көл району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү тарабынан да жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР