Жаңылыктар
07.10.2023 09:55
Кароолор: 410128
ЫСЫК-КӨЛ: МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ЖАҢЫ САЛЫНГАН КӨПҮРӨНҮН АЧЫЛЫШЫНА БАРДЫ
Элет элин эгин тааласы менен байланыштырган көпүрө.
Бүгүн КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жаңы курулган көпүрөнүн ачылышына барды.
Айылдын эли үчүн кубанычтуу жаңылык болгон иш-чарага облустагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Улан Далиев баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана элеттин тургундары катышты.
Белгилей кетсек аталган көпүрө 1990-жылы "Заря" колхозу учурунда ашар жолу менен курулуп, жергиликтүү тургундар айдоо себүү маалында колдонуп келишкен. 2021-жылы 30-июлунда болгон селден улам көпүрө жараксыз абалга келип, мындан улам айыл эли жер иштетүү маалында айласыздан 4,5 км арылыкка чейин барып, айланып келүүгө туура келчү.
2022-жылдын 17-июнунда КР ӨКМдин "Алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча курулуш курулуш департаментине өткөрүлүп берилип, “Бек Курулуш” фирмасы тарабынан көпүрөнүн курулуш иштери аяктап, бүгүн анын ачылыш аземи болуп отурат.
Жакынкы күндөрү көпүрөөгө атайы комиссия тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, жергиликтүү башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР