Жаңылыктар
07.09.2023 12:35
Кароолор: 796140
Ысык-Көл: Машыгуунун 2-күнү
ЫСЫК-КӨЛ: МАШЫГУУНУН 2-КҮНҮ
ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ СЫНГА АЛЫНДЫ
Бүгүн таң эрте Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында облус боюнча башталган командалык штабдык машыгуунун биринчи күнүнүн жыйынтыгы чыгарылып, маанилүү маселелер талкууланды.
Анда Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда, келип чыкканда учурда айрым жарандык коргонуу кызматтарынын ишти алып баруу боюнча так планын жоктугу, күч-каражаттарынын жетишсиздиги, эң ириде калкты эвакуациялоо, коопсуз жайга жайгаштыруу, табигый кырсыктын алдын алууда район, айылдарда жетиштүү түшүндүрүү иштеринин аздыгы жана документтердин толук эместиги үңдүү бир катар маселелер айтылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР