Жаңылыктар
08.09.2023 13:24
Кароолор: 395
Ысык-Көл: Машыгууда жогорку даярдык көрсөткөндөр сыйланды
8-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунда масштабдуу командалык штабдык машыгуу жыйынтыкталды. Машыгуунун жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюудагы жогорку даярдык, кесипкөйлүк менен жигердүүлүк көрсөткөндөр сыйланышты.
Сыймыктуу сыйлыктар катары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин медалдары, ардак грамоталары облустагы жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрүнө тапшырылды. Ага катар эле Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары ӨКМдин кызматкерлерине берилди.
Эске салсак 6-сентябрдан 8-сентябрга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусунда командалык штабдык машыгуусун өткөрдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР