Жаңылыктар
25.10.2024 16:20
Кароолор: 278
ЫСЫК-КӨЛ: МАНАСТЫН ТИЛИ – КЫРГЫЗ ТИЛ!
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы маданий иш-чараларга активдүү аралашып, тарыхты, нарк-насилди, маданиятты жайылтууну, тилди өнүктүрүүнү колго алышкан.
Алсак, министрликке караштуу Ысык-Көл облустук башкармалыгы жана шаардык, райондук бөлүмдөрү Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясы уюштурган сынакка катышышты.
Быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл. Башкы максаты – тарыхты билүү, келечек муунга даңазалоо, алардын мекенчилдигинен үлгү алуу.
Эң башкысы – кыргыз элинин Жусуп Абдырахманов, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов сыяктуу сыймыктуу инсандарыбыз түптөгөн бүгүнкү мамлекетибиздин туусун бийик желбиретүү.
Өлкөдө мамлекеттик тилдин баркын көтөрүп, өз эне тилибизде сүйлөө, ырдоо ал тургай жамакташтыра жомок айтып, кыргыз тилинде сөз байлыгын көбөйтүү зарыл.
Элдик ооз эки чыгармачылыктын туу чокусу – “Манас” эпосундагы руханий байлыкты, кыргыз сөздүгүнүн сыр сандыгын ачуу, андагы асыл-наркты, маданиятты жаштарга жеткирели.
Ошондой эле кыргыз тилинде сүйлөө, тилди байытуу өнүктүрүү иштери алгылыктуу жүрүүдө. Мындан сырткары Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүштү.
Бул багытта Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жана ага караштуу бөлүмдөрдүн куткаруучулары манас айтып, жөө жүрүшкө катышып, кыргыз тилинде көркөм окуу уюштуруп, “Манастын тили – кыргыз тил” видео ролигин тартуулашты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР