Жаңылыктар

06.02.2024 17:05

   Кароолор: 694

ЫСЫК-КӨЛ: ЛЫЖА БУЮМДАРЫН ИЖАРАГА БЕРҮҮЧҮ ЖАЙДАН ӨРТ ЧЫККАН

Бүгүн, 6-февраль күнү саат 12:12де Каракол шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан лыжаларды ижарага берүүчү жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине саат 12:13дө эки күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 12:35те чектөөгө алынып, саат 13:03дө толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу