Жаңылыктар

06.10.2023 10:16

   Кароолор: 365

Ысык-Көл: Кызыл-Суудагы ири өрттү өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп тартылды

6-октябрь түнкү саат 3:18де Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында “Жанаша жайгашкан кичи маркеттердин бири күйүп жатат”, - деген маалымат түшүп, №36 ӨКБдан жерине 3:19да биринчи күжүрмөн эсеп чыгып кеткен

Тилсиз жоонун аянты чоң болгондуктан, саат 3:45те 1 андан соң, резервдеги дагы 1 күжүрмөн эсеп чыккан.Тилсиз жоонун жайылганына байланыштуу саат 4:12де Каракол шаарынын №15 ӨКБдан 2, жалпысынан 5 күжүрмөн эсеп жеринде иштеп жатат.

Учурда өрт чектөөгө алынып, толук өчүрүү боюнча иштери жүрүп жатат. Жеринде 28 куткаруучу 3 офицер иш алып барууда. Өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымдар такталууда, бактыга жараша жабыркагандар жок

2 соода түйүнү жана эмерек жасоочу жайы күйүп, болжол менен тилсиз жоо 1900 м² аянтты кучагына алган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу