Жаңылыктар
02.08.2024 10:50
Кароолор: 905
ЫСЫК-КӨЛ: КЫЗЫЛ-СУУ СУУСУНАН ИЗДЕЛИП ЖАТКАН ЖАРАН ТАБЫЛДЫ
1-август күнү саат 19:00 чамасында ӨКМдин Жети-Өгүз райондук N36 Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана дайынсыз жоголгон жарандын туугандары тарабынан 1951- жылы туулган С.Г. аттуу аял кишинин сөөгү Чоң Кызыл-Суу суусунан табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Эске сала кетсек 1-август күнү саат 8:00 чамасында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы "Чоң Кызыл-Суу" суусунун жээгинен аталган жарандын бут кийими табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Жети-Өгүз районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 13 куткаруучу 1 дрон аппараты менен жана РИИБден 14 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР