Жаңылыктар
29.09.2023 10:00
Кароолор: 474
Ысык-Көл: Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чара өттү
Бүгүн, 29-сентябрда “5-октябрь – Кыргыз Республикасындагы кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата Ысык-Көл обласунунун Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан табигый жана техногендик ар кандай кырсыктардын алдын алуу жана калк ичинде жайылтуу максатында райондун борборунда атайы иш-чара өткөрүлдү.
Аталган иш-чаранын ачылышын ӨКМдин кызматкерлери тарабынан реконструкцияланган алгачкы өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын арбакечтеринен турган бөлүмчө баштап, андан соң заманбап автоунааларды шаймандарды колдонуу менен практикалык көрсөтмө өтүлдү. Ошондой эле көрүүчүлөргө мектеп окуучулары тарабынан кырсыктарды алдын алуу боюнча билимдерин көрсөтө алышты.
Соңунда ӨКМдин Жарандык коргонуунун башкы башкармалыгынын башчысы, полковник Алмазбек Асановдун башчылыгы менен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана облустук жарандык коргонуу кызматтары, жергиликтүү башкаруу органдары, кызыл ай коому жана мектеп окуучуларынан, ошондой эле атайы техникадан турган жөө жүрүш өттү,
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР