Жаңылыктар
03.10.2023 17:22
Кароолор: 313
Ысык-Көл: Кырсыктардын тобокелдигин алдын алуу өз колубузда!
Өткөн апта соңунда "5-октябрь — Кыргыз Республикасындагы кырсыктардын тобокелдигин алдын алуу күнүнө" карата ЫСЫК-КӨЛ облусунун Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан атайы иш-чара өттү.
АНЫН жүрүшүндө ӨКМдин кызматкерлери, райондук ички иштер бөлүмү, тез жардам, радияциялык-химиялык коргонуу, Кызыл ай коомунун кызматкерлери жана мектеп окуучулары катышкан ар кандай кырсыктардын алдын алуу жана ага карата жүрүүчү иш аракеттерди тажрыйба жүзүндө көрсөтүштү.
Ошондой эле окуучуларга флеш моб жана суроо-жооп оюндары уюштурулуп. Иш-чаранын соңунда ӨКМдин жана Жарандык коргонуу кызматтарынын атайы техникасы жана кызматкерлеринен, башкаруу органдарынан, жана жергиликтүү тургундардан турган жөө жүрүш өттү .
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР