Жаңылыктар
26.02.2025 22:09
Кароолор: 210
ЫСЫК-КӨЛ: КУТКАРУУЧУЛАРГА КОМАНДИРДИК ДАЯРДЫК БОЮНЧА АТАЙЫ САБАКТАР ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн, 26-февраль күнү ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын негизги иш-чаралар планына ылайык, шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчыларына командирдик, күжүрмөн даярдык сабактар менен бирге атайы сабактар жана тренингтер өткөрүлдү.
Анда Улуттук Кызыл Ай коомунун Ысык-Көл облустук филиалында ар кандай өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча тренинг өткөрүлүп, облус аймагында кырсыктардын алдын алуу тууралуу талкуу жүрүп, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу учурунда жабырлануучуларга алгачкы медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү боюнча сабак өткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР