Жаңылыктар

01.12.2023 09:42

   Кароолор: 317

ЫСЫК-КӨЛ: КУТКАРУУЧУЛАРДЫН ДАЯРДЫГЫ БААЛАНДЫ

1-декабрда ӨКМдин Тоо кырсыктарынан куткаруу кызматынын 7- өзүнчө мобилдештирилген взводунун өздүк курамынын атайы кесиптик жана дене тарбиялык жактан даярдыгын кароо жүргүзүлдү.

2023-жылга карата түзүлгөн иш пландардын негизинде ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын офицерлери тарабынан Тоо кырсыктарынан куткаруучулардын Өзгөчө кырдаалдарга ошондой эле аскердик жана атайы кесиптик билими, физикалык даярдыгы каралды.

Эске сала кетсек, тоолуу аймакта жана кооптуу жерлерде иш алып барышкандыктан, куткаруучулар тарабынан физикалык күчтүүлүк жана өзүнүн кесибин, коопсуздук эрежелерин жогорку деңгээлде билүүсү талап кылынат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу