Жаңылыктар
21.11.2023 17:45
Кароолор: 1225
ЫСЫК-КӨЛ: КУТКАРУУЧУЛАР ТҮП СУУСУНАН АДАМДЫН СӨӨГҮН ТАБЫШТЫ
Бүгүн, 21-ноябрда саат 16:20лар чамасында ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын адиси жана Түп районундагы куткаруучулар Түп суусунан адамдын сөөгүн дрон аппаратынын жардамы менен табышты.
Белгилей кетсек, 17-ноябрь күнү үйүнөн чыгып дайынсыз болгон 78 жаштагы адамдын туугандары издешкен.
Андан натыйжа болбогондуктан, 19-ноябрда ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнө кайрылышып, куткаруучулар издешкен.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР