Жаңылыктар

11.08.2024 21:34

   Кароолор: 1592

ЫСЫК-КӨЛ: КУТКАРУУЧУЛАР СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАРДЫ КӨЗӨМӨЛДӨӨДӨ

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда алдын ала маалымат боюнча, нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак тилкесиндеги кокту-колоттордон акан суулар көчөлөрдү каптагандыгы жана “Жүдөмүш” каналында сел жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин Ысык-Кѳл райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу кызматынын күч каражаттары тартылууда .

Ошондой эле Бостери, Бактуу-Долоноту айылдарындагы бир нече көчөлөрүндө жана Булан-Сөгөттү айылын сел суулары каптап, куткаруучулар тарабынан Бактуу-Долоноту айылынан 1 үй-бүлө коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу