Жаңылыктар
24.09.2024 12:37
Кароолор: 329
ЫСЫК-КӨЛ: КУТКАРУУЧУЛАР КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЛДЫН АЛУУДА ТЕСТИЕР БАЛДАРГА КООПСУЗДУК САБАГЫН ӨТҮШТҮ
Кечээ, 23-сентябрь күнү ӨКМдин Ак-Суу району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Ак-Суу айылындагы “Жетиген” балдар бакчасынын тарбиялануучуларына өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча коопсуздук сабагын өткөрүштү.
Анда куткаруучулар Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата түзүлгөн иш-чаралар планынын негизинде окуучуларга куткаруучулардын кесиби менен тааныштырып, жабыркагандарды куткаруу боюнча көрсөтмө сабак жүрдү.
Кубанычтары жүрөгүнө батпай жаткан тестиерлер өз колдору менен өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонууга жана куткаруучулардын атайы кийимин кийип көрүүгө мүнкүнчүлүк алышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР