Жаңылыктар

30.10.2023 16:58

   Кароолор: 977

ЫСЫК-КӨЛ: КУТКАРУУЧУЛАР ЭШИК АЧЫП, 4 ЖАШАР БАЛАНЫ ЧЫГАРЫШТЫ

Бүгүн, 30-октябрда саат 12:03тө Каракол шаардык №15 ӨКБнын нөөмөт бөлүмүнө 4 жашар бала үйгө камалып калгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.

Тактап айтканда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 5-кабатындагы батирдин эшиги бекилип, 4 жаштагы наристе ичинде калган.

3 куткаруучу 5 кабаттуу турак үйдүн чатырынан алпинистик шаймандар аркылуу батирдин терезесин кирип, бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Учурда наристенин абалы жакшы, жабыр тарткан эмес.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу