Жаңылыктар
11.08.2025 11:26
Кароолор: 139
ЫСЫК-КӨЛ: КУТКАРУУЧУЛАР АДАШЫП КАЛГАН ЭКИ ИЗРАИЛЬ ЖАРАНЫН ТУРИСТТЕР ТОБУНА ӨТКӨРҮП БЕРДИ
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылынын жогору жагында адашып, жол таппай калган 2 чет өлкөлүк жаран куткарылды.
Garmin Response өзгөчө кырдаалдарды күнү-түнү координациялоо борборунун маалыматына ылайык, кечээ, 11-августта 2001-жылы туулган Я.Э. жана 2003-жылы туулган Е.У. аттуу Израиль өлкөсүнүн жарандары тоодо жол таппай калып калышкан.
Жерине КР ӨКМдин Тоо-кен куткаруу кызматынын №7-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан 4 куткаруучу тартылып, аталган адамдарды тоодон түшүрүп, Керме-Тоо жайлоосуна жеткирип туристтер тобуна өткөрүп беришкен. Абалдары жакшы.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР