Жаңылыктар

24.04.2024 19:59

   Кароолор: 233

ЫСЫК-КӨЛ: КУТКАРУУ ШАЙМАНДАРЫН ТАПШЫРУУ АЗЕМИ ӨТТҮ

Бүгүн 24-апрель күнү ӨКМдин Ысык-Көл району боюнча ӨКБнын өздүк курамына БУУнун Өнүктүрүү программасы Япония өкмөтүнүн колдоосу менен жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду тарабынан Ысык-Көл районунда пилоттук долбоорлордун алкагында Шайбек ата айыл аймагы, Чолпон-Ата шаарынын аймагына бийик тоолордогу тоо көлдөрүнө мониторинг жүргүзүү топторуна атайын тоо шаймандарын тапшыруу аземи өттү.

Куткаруучулардын потенциалын жогорулатуу максатында жалпы суммасы 1,465 500 сомду түзгөн 2 чатыр, 10 жуп бийик тоолу аймакка ылайыкташкан жабдыктары жана 1 Dji Mavik 3 Enterprise үлгүсүндөгү дрон аппараты “Кырсыктарга мониторинг жүргүзүүнүн улуттук тутумун жана коомчулуктун адаптациялык потенциалын чыңдоо аркылуу бийик тоолордогу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусунан, ташкындоосунан жана жер көчкүдөн келип чыгуучу тобокелдиктердин кесепеттерин азайтуу” боюнча пилоттук долбоорунун негизинде берилди.

ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник М.Карабаев БУУнун Өнүктүрүү Программасынын өкүлдөрү менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун төрайымы Р.Калыковага ыраазычылык билдирип, жергиликтүү тургундарды кырсыктардын санын азайтуу боюнча семинарлар өтүлүп, сел суулардан коргоочу обьектилердин куруу иштерине чоң салым кошуп жаткандыгын баса белгиледи

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу