Жаңылыктар
01.11.2023 13:37
Кароолор: 1090
ЫСЫК-КӨЛ: КУРАМА КОМАНДА ВОЛЕЙБОЛ ТАЛААСЫНДА III ОРУНДУ КАМСЫЗДАШТЫ
Бүгүн ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын өздүк курамынан түзүлгөн курама командасы облустун күч түзүмдөр арасында өткөрүлгөн волейбол боюнча мелдеште III орунду багындырышты.
Волейбол мелдеши 1-ноябрь — Кыргыз милициясынын түзүлгөнүн 99 жылдык мааракесине карата уюштурулду.
Майрамдык спорттун түрүнө облустан жалпы 8 команда катышкан. Уюштуруучулар мелдештин жеңүүчүлөрүнө диплом,, медаль жана кубок ыйгарышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР