Жаңылыктар

10.12.2024 18:02

   Кароолор: 274

ЫСЫК-КӨЛ: КООПТУУ ТИЛКЕЛЕР КОРГООГО АЛЫНАТ!

Бүгүн, 10-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов республиканын аймактарындагы кооптуу тилкелерди көзөмөлгө алуу боюнча иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусуна келди.

Анда авариялык калыбына келтирүү иш-чараларынын мерчемине ылайык Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Кызыл-Суу суусунун жана Ак-Суу районуна караштуу Бөрү-Баш айылына жакын Каракол суусунун жээктериндеги 2024-жылдын долборлоо-изилдөө иштеринин программасына кирген объектилери каралып чыкты.

Министрдин орун басары суу жээктерин бекемдөө боюнча райондордун жетекчилигине тиешелүү тапшырмаларды коюп, кооптуу тилкелерге ӨКМдин адистери баа беришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу