Жаңылыктар

03.01.2025 15:38

   Кароолор: 546

ЫСЫК-КӨЛ: КӨӨЧҮ АЙЫЛЫНДА ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ

Бүгүн, 3-январь күнү саат 12:26да Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Көөчү айылынын Алыбай көчөсүндө жайгашкан турак үйдө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине саат 12:27де ӨКМдин Түп райондук N34 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Кошумча саат 13:02де 2-күжүрмөн эсеп тартылган.

Куткаруучулардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында, өрт саат 13:40да өрт чектөөгө алынып, саат 15:28де толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен үйдүн болжолдуу 300 чарчы метр чатыры күйгөн. Жабыркагандар жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу