Жаңылыктар
28.08.2023 10:09
Кароолор: 1023
Ысык-Көл: Көк-Мойнок-1де ӨКМдин 32 куткаруучусу иштеп жатат
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок-1 айылында катуу жааган жаан чачындан катталган селдин кесепетинен, түзүлгөн кырдаалды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо жана авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында "Өзгөчө кырдаал" режими киргизилди.
Учурда жеринде ӨКМден 32 куткаруучу, 6 техникасы жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, көк-мойноктуктар тазалоо, жөнгө салуу иштерин аткарып жатышат.
https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=687955660043830&id=100064882052590&mibextid=Nif5o
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР