Жаңылыктар
12.10.2023 14:51
Кароолор: 409
ЫСЫК-КӨЛ: КӨК-МОЙНОК-1 АЙЫЛЫНДА СЕЛ СУУЛАРДАН КОРГООЧУ КАНАЛ АЯКТАДЫ
Учурда ӨКМдин “Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” боюнча иш-чаралар мерчеминин алкагында Тоң районунун Көк-Мойнок-1 айылында сел суулардан коргоого ала турган канал аяктады.
Бул канал нөшөрлөп жааган жаан-чачындын суу ташкындарынын алдын алуу жана жергиликтүү тургундардын өмүрүнө, турак жайларына жарала турган кооптуулуктун алдын алуу үчүн ӨКМдин техникасынын жардамы менен казылып, тереңдетилди.
Каналдын узундугу 3600 метрди түзүп, 10 м3 өлчөмүндөгү сел суусунун агымына эсептелди. Кабыл алуу комиссиясынын кароосунан өткөндөн кийин канал жергиликтүү бийликтин карамагына өткөрүлүп берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР