Жаңылыктар

27.08.2023 10:39

   Кароолор: 705

Ысык-Көл: Көк-Мойнок-1 айылын сел каптап, куткаруучулар жеринде иштеп жатышат

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-1 айылынан өткөн Чу дарыясынын деңгээли алдын ала маалыматка ылайык кыска мөөнөттө жааган жамгырдын кесепетинен көтөрүлүп, жанында жайгашкан үйлөрдү каптоо коркунучу жаралгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 9 куткаруучу, Көк-Мойнок айыл аймактан 1 экскаватор, Балыкчы шаардык Суу чарба кызматынан 1 ассенизатор тартылган.

Буга кошумча КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан п-к Р. Абдульманов жетектеген ыкчам топ, Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 15 куткаруучу, Балыкчы шаардык Тазалык ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган. Жалпы: 28 куткаруучу, 6 техника тартылган. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу