Жаңылыктар

16.08.2024 14:05

   Кароолор: 173

❗️ЫСЫК-КӨЛ: КИЧИ-АНГИ ЖАЙЛООСУНДА ТООДОН ТАШ КУЛАП 54 КОЙ ЖАБЫРКАДЫ

2024-жылдын 15-август күнү, саат 17:30 чамасында Тоң районуна караштуу Көлтөр айылынын Кичи-Анги жайлоосунда чагылган түшүп болжолдуу 60 баш кой өлгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине бүгүн 16-август күнү тактоо иштерин жүргүзүүгө Тоң району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жана райондук Жарандык коргонуу кызматынан кызматкерлери тартылып, койлор оттоп жүргөн жерине тоодон таштар кулап, жалпы 54 кой жабыркагандыгы аныкталган.

Анын ичинен өлгөн 31 баш кой ветеринардык-санитардык эреженин негизинде жерге көмүлүп, ал эми тирүү калган 23 баш койду ээлери тарабынан өз керектөөсүнө алышканы аныкталып, Комиссия тарабынан акт түзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу