Жаңылыктар

09.10.2024 12:40

   Кароолор: 318

ЫСЫК-КӨЛ: КАЖЫ-САЙДА ӨРТКӨ КАРШЫ-КУТКАРУУ БӨЛҮГҮНҮН КУРУЛУШУНА КАПСУЛА САЛЫНДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал - майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен ӨКМдин потенциалын жогорулатуу максатында республика боюнча жалпы 19 жаңы өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн куруу иштери планга киргизилип, анын ичинен Ысык-Көл облусуна 3 заманбап куткаруу бөлүгүн куруу каралган.

Андыктан кечээ, 8-октябрь күнү ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник М.Карабаев, Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлеринин жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда Кажы-Сай айылындагы N37 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу аземи өттү.

ӨКМдин Тоң районундагы N37 өрткө каршы-куткаруу бөлүгү 1948-жылы негизделип, учурда жалпы 15 куткаруучу эмгектенип келет. Куруу иштерин жүргүзүүгө Күн-Чыгыш айыл өкмөтү тарабынан жер тилкеси бөлүнүп, жаңы имарат курууга мүнкүнчүлүк түзүлдү.

Келечекте өрткө каршы-куткаруу бөлүгүндө заманбап өрт өчүрүүчү унааларды сактоого ыңгайлуу болуп, зарыл талаптар эске алынып, куткаруучулардын ыкчам иштөөсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу