Жаңылыктар

02.05.2024 14:26

   Кароолор: 189

ЫСЫК-КӨЛ: КАРКЫРА ДАРЫЯСЫНЫН ЖЭЭГИНДЕ БАЙКОО ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Ушул аптада ӨКМдин Өзгөчө кырдалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери тарабынан Түп районунун Каркыра айыл аймагына караштуу кыргыз-казак чек арасында жайгашкан Каркыра суусунун жээгине изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Анда дарыяны жээктердин эрозиясынын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иши боюнча тиешелүү изилдөө жүргүзүү максатында, атайын мониторинг жабдуулары жана автоматташтырылган байланыш жана маалыматтарды берүү каражаттары менен жабдылган көчмө мониторинг станциясы тартылып, адистер тарабынан изилдөө жана байкоо иштери өткөрүлдү.

Аталган иш-чара Мамлекеттик чек ара кызматынын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлүп, ӨКМдин авариялык калыбына келтирүү иш мерчемине киргизүү каралууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу