Жаңылыктар
27.10.2023 09:39
Кароолор: 436
ЫСЫК-КӨЛ: КАРАКОЛ ШААРЫНДАГЫ ТОЙКАНАЛАРДА ӨРТ КЫРСЫГЫНЫН АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАЛАРЫ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
Каракол шаардык ӨКБнын офицерлери тарабынан адамдар көп топтолгон тойканалардагы, көңүл ачуучу жайлардагы өрт коопсуздук эрежелерин сактоого жана алдын алууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Өрт коопсуздугун жана өрт өчүрүүчү шаймандардын, гидранттардын абалы, тамактануучу жайда иштеген тейлөөчүлөрдүн коопсуздук эрежелерин сактоосу, эвакуациялык жолдордун жана пландардын оң абалда болушу жана бат күйүүчү пластик материалдарын колдонбоо жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР