Жаңылыктар
15.10.2024 10:01
Кароолор: 376
ЫСЫК-КӨЛ: КАРАКОЛ ШААРЫНДА ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ
Өрт кырсыктарынын негизги себеби - өрт коопсуздугунун сакталбагандыгы, адам фактору кирет. Өзгөчө жылуулук берилүүчү мезгилдеги от жагуучу мештерге, электр жабдыктарына көңүл кош мамиледен өрт кырсыгы чыгып, акыры кайгылуу окуялар менен коштолбой койбойт.
Андыктан Каракол шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү күз-кыш мезгилинде өрттүн алдын алуу боюнча профилактика иштерин күчөтүүдө.
Куткаруучулар Каракол шаарынын Ж.Тойгонбаев атындагы №2 кесиптик окуу жайынын мугалимдерине, Сарт-Аке атындагы №9 орто мектебинин окуучуларына, билим берүүчүлөргө өрт коопсуздугу тууралуу сабактарды өтүштү. Аларга алгачкы коопсуздук каражаттары менен тааныштырып, колдонуу эрежелерин көрсөтүштү.
мындан сырткары Каракол шаарынын №15 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамы үймө үй кыдырып, тургундарга күзгү-кышкы жылытуучу мезгилде электр жана от жагуучу мештерин колдонууга даярдык көрүүгө чакырып, атайы баракчалар таркатылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР