Жаңылыктар
27.10.2023 10:42
Кароолор: 648
ЫСЫК-КӨЛ: КАНАЛ КАЗУУ ЖАНА КӨПҮРӨ КУРУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" иш-мерчемине ылайык Түп районунун Каркыра айыл аймагындагы Кең-Суу, Байзак, Корумду, Көөчү жана Талды-Суу айылдарындагы селди тосуучу каналдарын казуу жана тазалоо иштери жүрүп жатат.
Учурда ӨКМден атайын бир экскаватор жана бир бульдозер бөлүнүп, сел канал казуу, тазалоо жумуштары Кең-Суу айылында башталып узундугу 2350 метрлик үч тилке сел өтүүчү канал казылып бүттү. Бүгүнкү күндө төртүнчү тилкенин 700 метри казылууда.
Ошондой эле Талды-Суу жана Кең-Суу айылдарында канал казуу жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Талды-Суу айылындагы Кер-Булак тилкесинде 900 метр сел өтүүчү канал казылып бүттү. Сел каналы аяктаганда жалпы 178 үй, 1 мектеп, 1 бала бакча жана ички чарбалык жолдор, айдоо аянттары корголот
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР