Жаңылыктар
04.02.2025 11:45
Кароолор: 166
ЫСЫК-КӨЛ: КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУНДА ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ЖҮРДҮ
Кечээ, 3-февралда ӨКМге караштуу Өрт көзөмөлдөө кызматынын жана ӨКМдин Каракол шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жарандар көп каттаган Каракол шаардык Калкты тейлөө борборунда өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Жарандар көп топтолгон жайларда өрт коопсуздугу жогору турарын эске алуу менен ӨКМдин кызматкерлери, өрт коопсуздугунун сакталышын, өрт өчүрүүчү каражаттардын абалы жана аны колдонуу боюнча кеңештерин беришти.
Мындан сырткары мекемедегеи өрт коопсуздугун жаратуучу кемчиликтерди жоюу боюнча насааттар айтылды.
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Калкты тейлөө борбору менен биргеликте ар кандай өзгөчө кырдаалдардын жана өрт кырсыктарынын алдын алууда ыкчам аракеттерди жүргүзүүгө багытталган атайы машыгуу өткөрүү каралды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР