Жаңылыктар
20.05.2025 14:03
Кароолор: 135
ЫСЫК-КӨЛ: ЭС АЛУУЧУЛАР ЭСКЕ АЛЧУ ЭРЕЖЕЛЕР LED ЭКРАНДА
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана өрт кырсыктарынын санын азайтуу максатында Ысык-Көл облусунун аймагында LED экрандар аркылуу ӨКМдин эскертүүлөрү жайылтылууда.
Алсак, Ак-Суу районунун Ак-Суу айылында LED экранда жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга, маанилүү болгон "Шашылыш билдирүүлөр" жана коопсуздук эрежелери тууралуу видеороликтер таркатылууда.
Мындай иш-чаралар ар бир район, шаарларда жүргүзүлүп, жарандарга маалымат жеткирүү менен бирге жайкы туристик мезгилде кырсыктардын санын азайтууга багытталды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР