Жаңылыктар
29.02.2024 11:31
Кароолор: 513
ЫСЫК-КӨЛ: ЭС АЛУУ БОРБОРУНДА ПРАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
Жакында Жарандык коргонуу абалынын даярдыгын жогорулатуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында ӨКМдин Ысык-Көл райондук бөлүмүнүн кызматкерлери Чоң-Сары-Ой айылындагы "Карвен 4 мезгил" эс алуу борборунун тейлөөчүлөрүнө практикалык сабак өткөрүштү.
Аларга жер титирөө, сел, кар көчкү сыяктуу ар кандай табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу ошондой эле коопсуздук эрежелери тууралуу атайы видео-роликтер көрсөтүлдү.
Куткаруучулар эс алуу борборунун кызматкерлеринин өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматчылар менен эс алуучуларды туура эвакуациялоону, өрт өчүрүүчү каражаттардын колодонуунун ыкмаларын үйрөтүшүп, катышуучуларга практика жүзүндө ОП-5 үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү каражатын колдонууга мүнкүнчүлүк беришти.
Мындай машыгуулар жана учурда жүрүп жаткан комплекстүү текшерүүлөр район аймагында жыл аягына чейин улантылмакчы.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР