Жаңылыктар
02.06.2024 11:40
Кароолор: 405
ЫСЫК -КӨЛ: ДЭУ – КУБАКЫ ТИЛКЕСИНДЕ ИРИ ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ
Кечээ, 1-июнда ӨКМдин Балыкчы шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы шаардык түзүмдөрдүн, мекеме ишканалардын кызматкерлери менен бирге ДЭУ – Кубакы тилкесинде ишембилик өткөрүштү.
Ишембилик Президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым-укуктуу өкүлү Уланбек Далиевдин тескемесинин негизинде, "Жашыл мурас" улуттук өнөктөштүгүнүн алкагында, аталган тилкени кайра жандандырууга мүнкүн болбогон бак-дарактарды кыйып, тазалоо жүрүүдө.
Анда Көк-Мойнок-1 айылындагы Шыргыйдан тарта Көк-Мойнок-2 айылындагы Кызыл көпүрө тилкесине чейин жалпы 123 адам иштешти.
Эске салсак, өткөн жылдын март-апрель айларында Көк-Мойнок-2 жана Көк-Мойнок-1 айылдарынын жанында бир жалпы 50 гектар токой күйгөн. Өрт бир нече жолу миңдеген бак-дарак куурап калган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР