Жаңылыктар
14.03.2025 10:30
Кароолор: 257
ЫСЫК-КӨЛ: ЧОҢ-КЫЗЫЛ-СУУ СУУСУНУН НУГУН БУРУУ ЖАНА БЕКЕМДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылындагы Чоң-Кызыл-Суу суусунун нугун буруу жана жээгинин бекемдөө иштери жүрүүдө.
Анда атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларынын алкагында Кызыл-Суу айыл өкмөтү тарабынан бир даана каз тамандуу экскаватордун жардамы менен суу жээгинин жалпы 1100 метри жасалып, алдыда 700 метрин бекемдөө каралууда.
Бул иш-чаралар ӨКМ тарабынан берилип жаткан эскертме-көрсөтмөлөрдүн негизинде сел сууларынын алдын алуу жана жазгы суулардын, дарыялардын деңгээлинин көтөрүлүшүнө даярдык көрүү, калктуу конуштарды жана социалдык объектилерди коргоо максатында уюштурулууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР