Жаңылыктар
18.08.2024 18:57
Кароолор: 337
ЫСЫК-КӨЛ: ЧОҢ КЫЗЫЛ-СУУ СУУСУНУН ДЕҢГЭЭЛИ КӨТӨРҮЛҮП 1 КОРООНУ КАПТАДЫ
Бүгүн, 18-август күнү алдын ала маалымат боюнча саат 15:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Чоң-Кызыл-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, Московская көчөсүндө жайгашкан 1 кашардын короосун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Жети-Өгүз райондук №36 Өзгөчө кырдаалдар бөөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы барып, суунун нугун буруу үчүн Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн “Иштерман” муниципиалдык ишканасынын 1 даана каз тамандуу эксковатору тартылууда.
Ошондой эле Саруу айылындагы Чийдүү-Колот коктусунан келген сел суулары Жууку унаа жолун каптап өтүп, кум шагылга толтурган. Аталган ички чарбалык унаа жолун тазалоо иштери Кызыл-Суу айыл аймагына тапшырылып, 1 даана жүктөгүчтүн жардамы менен кыян сууларынын кесепеттери жоюлду.