Жаңылыктар
09.04.2025 16:45
Кароолор: 112
ЫСЫК-КӨЛ: ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕРГЕ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ТҮШҮНДҮРҮЛДҮ
ӨКМдин Ысык-Көл району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери кечээ, 8-апрелде Чолпон-Ата шаарында Эл аралык жогорку медициналык мектебинин студенттерине жай мезгилинде сууга түшүү жана өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чарага жалпы 850 студент, 5 мугалим катышты. Окуучулардын көпчүлүгү Индия мамлекетинен келгендиктен, котормочу аркылуу коопсуздук эрежелери жеткирилди.
Бул сабактын негизги максаты чет элдик жарандардын арасында ар кандай кырсыкка кабылгандардын санын азайтуу, жайкы суу кырсыктарын болтурбоого багытталды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР