Жаңылыктар

20.11.2023 09:44

   Кароолор: 442

ЫСЫК-КӨЛ: БАЛЫКЧЫДАГЫ ТОЙКАНАЛАРДА ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТООНУ ТҮШҮНДҮРҮРҮШТҮ

Учурда той-мааракелер көп болуп жаткандыктан, ӨКМдин Балыкчы шаардык Өрт өчүрүү жана алдын алуу боюнча бөлүмчөсүнүн офицерлери тойканаларда өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Анда шаан-шөөкөттөр өтүүчү жайлардын ээлерине жолугуп, тейлөөчүлөр менен сүйлөшүштү.

Тейлөө учурунда коопсуздук эрежелерин сактоо менен иш баштоо зарыл экенин белгилешип, атайы сигнализациялардын, гидранттардын, өрт өчүрүүчү каражаттардын иштөөсүн текшеришти.

Ар дайым адам өмүрүнүн коопсуздугун эске алуу зарыл экендиги эскертилди

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу