Жаңылыктар

24.07.2024 11:10

   Кароолор: 325

ЫСЫК-КӨЛ: БАЛЫКЧЫ ШААРЫНДА МАЙ КУЮУЧУ ЖАЙДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

2024-жылдын 22-июль күнү ӨКМдин Балыкчы шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери, “Ред Петролеум” май куюучу жайынын жумушчулары менен өрт-тактикалык машыгуу өткөрүштү.

Машыгууда куткаруучулар тарабынан өрт коопсуздугу жана өрт өчүрүүчү каражаттар менен иштөө эрежелери түшүндүрүлүп, май куючу жайдын жумушчулары тарабынан өрт чыккан учурда аны ыкчам аракеттерди көрүү менен жокко чыгаруу боюнча иштер аткарылды.

Ошондой эле №19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, өздүк курам күйүүчү-майлоочу заттар сакталган жайларда өрт менен күрөшүү ыкмаларын аткарышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу