Жаңылыктар

11.08.2024 19:39

   Кароолор: 206

ЫСЫК-КӨЛ: БАЛЫКЧЫ —БӨКӨНБАЕВ УНАА ЖОЛУНУНДА СЕЛ ЖҮРҮП, ЫКЧАМ ТОП ТАРТЫЛДЫ

Алдын ала маалымат боюнча бүгүн саат 18:10 чамасында жааган жаандын кесепетинен, Тоң районундагы Балыкчы—Бөкөнбаев унаа жолунда сел жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү максатында ӨКМдин Тоң району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.

Мындан сырткары "Кыргыз Жол Курулуш" ишканасынан 2 жүктөгүч тартылып, унаа жол эки тараптуу ачылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу