Жаңылыктар
21.10.2024 11:15
Кароолор: 458
ЫСЫК-КӨЛ: БАЛА БАКЧАЛАРДА ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА САБАКТАР ӨТКӨРҮЛДҮ
Өзгөчө кырдаалдардын жана өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында ӨКМдин Каракол шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары бала бакчалардын тарбиячылары менен биргеликте өрт коопсуздугу боюнча сабак өткөрүштү.
Анда Каракол шаарынын №7 жана №16 бала бакчалардын тарбиячылары менен өрт кырсыгы катталган учурда өзүн-өзү алып жүрүү жана эвакуациялоо боюнча машыгуу өткөрүшүп, тестиерлер куткаруучулар тууралуу атайы сценка аткарып беришти.
Ошондой эле балдарга ар кандай оюндар уюштурулуп, куткаруучулар өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана өрт кырсыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттар боюнча айтып беришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР