Жаңылыктар

11.12.2024 09:04

   Кароолор: 472

ЫСЫК-КӨЛ: АНАНЬЕВО АЙЫЛЫНДА ТУРАК ҮЙДӨН ӨРТ ЧЫКТЫ

10-декабрь күнү саат 20:36да Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине өрттү өчүрүүгө саат 20:38де Ысык-Көл райондук N33 Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 , ага кошумча саат 21:07де 2-күжүрмөн эсеп тартылган.

Аба ырайынын шартына байланыштуу саат 21:39да кошумча N33 ӨККБдан 3-күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 22:12де чектөөгө алынып, саат 23:45те толук өчүрүлдү.

Куткаруучулардын ыкчам аракеттеринен улам турак үйгө жанаша жайгашкан курулуштар жана үйдүн 500 чарчы метри сакталып калган. Ал эми өрттүн кесепетинен үйдүн 200 чарчы метри күйгөн. Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

(сүрөт архивден)

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу