Жаңылыктар
22.08.2023 09:59
Кароолор: 571
Ысык-Көл: Алтын-Арашан коктусундагы өрт толугу менен өчүрүлдү
Бүгүн эртең мененки саат 80:30 да Алтын-Арашан коктусунун Сары-Төр тилкесинде токойдон чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрт өчүрүү иштери тоо этегинде жүргөндүгүнө байланыштуу кол каражаттары кол каражаттары колдонулду.Жалпысынан ӨКМдин №39 ӨКБдан 12 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 24 киши, токой чарбасынан 27 токойчу тартылды
Эске салсак, 21-августта саат 9:48де Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагына караштуу Алтын-Арашан коктусунда өрт чыкты деген маалымат түшкөн, саат 14:30да өрт чектөөгө алынып, токойчулардан турган атайы топ көзөмөлдөө максатында түнү менен нөөмөттө турган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР