Жаңылыктар
22.05.2025 22:59
Кароолор: 271
ЫСЫК-КӨЛ: АЛДЫН АЛА МААЛЫМАТ БОЮНЧА КАТУУ ШАМАЛДАН 178 ҮЙ ЖАБЫРКАГАН
Бүгүн, 22-майда Ысык-Көл облусунун Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада жалпы облус боюнча 178 турак үй, анын 9у көп кабаттуу, 27 социалдык объект жабыркаганы аныкталды.
194 чарба курулуштар, 5 унаа, 1 трансформатор, 37 электр мамы, 370 метр электр чубалгылары жабыркаган жана 210 бак кулаган.
Мындан тышкары 7 боз үй, 1 чатыр, 1 кафе, 3 эс алуу жайы, 3 гектар кулпунай айдалган жер, 6 000 метр интернет чубалгысы жабыркаган.
Эртең, 3-май күнү Ак-Суу районунда кошумча тактоо иштери улантылат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР