Жаңылыктар
31.01.2025 18:57
Кароолор: 210
ЫСЫК-КӨЛ: АК-СУУ РАЙОНУНУН АЙЫЛДАРЫНДА ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ҮГҮТ-НАСААТ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Бүгүн, 31-январь күнү өрт коопсуздугун камсыздоо жана өрт кырсыктарынын санын азайтуу максатында ӨКМдин Ак-Суу району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кайырма-Арык, Отрадное жана Ак-Суу айылдарында үгүт-насаат иштери жүргүзүлдү.
Куткаруучулар тарабынан жергиликтүү тургундарга жеринде өрт коопсуздук эрежелери боюнча кеңештер берилип, коопсуздук баракчалары таркатылды.
Ошондой эле жарандарга өрт коопсуздугу менен бирге ар кандай өзгөчө кырдаалдарда 112 кыска номерине чалуу керектиги эскертилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР