Жаңылыктар

25.07.2024 21:06

   Кароолор: 289

ЫСЫК-КӨЛ: АК-СУУ РАЙОНУНДАГЫ БАССЕЙНДЕРДЕ СУУ КООПСУЗДУГУН ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРДҮ

2024-жылдын 24-июль күнү ӨКМдин Ак-Суу району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен биргеликте аймактагы бассейндерди кыдыруу менен коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Иш-чаранын алкагында Алтын-Арашан коктусунда жайгашкан "Кенч", "Өмүр-Дарыя" жана ошондой эле Жыргалаң суусунун жээгиндеги "Жыргалаң" эс алуу-даарылоо борборунун эс алуучуларына бассейнде түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин эскертишти

Ал эми аталган жайлардын администрациясына "Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомунда көрсөтүлгөн шарттар жана талаптар эскертилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу