Жаңылыктар
29.09.2023 16:17
Кароолор: 335
Ысык-Көл: Ак-Суу районунда жөө жүрүш өттү
Кечээ ӨКМдин Ак-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү, маалыматты жана тажрыйбаны калкка жайылтууга, үгүттөөгө багытталган иш чараларды уюштуруу үчүн райондун борборундагы чоң экрандан ӨКМдин Кырсыктардын тобокелдигин алдын алуу боюнча видеороликтери көрсөтүлдү.
Ошондой эле Ак-Суу районунун Жарандык коргонуунун кызматтарынын жана Теплоключенка айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен бирге "Жарандык коргонуу" боюнча демонстрациялык жөө жүрүш өттү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР