Жаңылыктар
21.12.2023 17:33
Кароолор: 362
ЫСЫК-КӨЛ АЙМАГЫНДА ӨРТ КЫРСЫГЫНЫН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ
Салтка ылайык жыл аяктап Жаңы жыл майрамына карата коомчулукта ар кандай майрамдык шаан-шөөкөттөргө даярдык көрүлүүдө. Аны менен бирге ӨКМдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте акыркы жумаларда адамдар көп топтолгон жайларда жана базарларда, соода түйүндөрдө ошондой эле үймө-үй кыдырып, нускамалоо иштерин жүргүзүүдө.
Куткаруучулар өзгөчө тойканаларга жана майрамдык пирротехника, жылытуучу приборлор сатылчу соода түйүндөрүнө маани берип, соодагерлерди өрт коопсуздук эрежелерин сактоого жана кырсыктардын санын азайтууга чакырууда.
Район жана шаардык ӨКБларда планга ылайык конуштарды кыдырып кышкы жылытуучу мезгилде жана майрам күндөрү өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүзүлүп жер жерлеринде тиешелүү кеңештерди берүү менен бирге коомдук мекемелерде атайы сабактар өтүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР