Жаңылыктар

26.09.2024 16:43

   Кароолор: 435

ЫСЫК-КӨЛ: "ЖАШ КУТКАРУУЧУ" СЫНАГЫНЫН ЖЕҢИЧҮҮЛӨРҮ АНЫКТАЛУУДА

Учурда ӨКМдин Ысык-Көл облусундагы райондук жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү жана райондогу билим берүү тармагы Кызыл Ай коомунун катышуусунда "Жаш куткаруучу" сынактары өтүүдө.

Бул сынакта мектеп окуучулары өзгөчө кырдаалдарда өзүн-өзү алып жүрүү боюнча таймашып, төмөнкү:

1. үй-тапшырмасы;

2. алгачкы жардам көрсөтүү;

3. өрт эстафетасы;

4. команда капитанынын сынагы.

Сынактын ар бир баскычынан үч сынашып, командалар арасынан күчтүүлөрү тандалууда.

Алсак, Түп районунан Кутургу айылынын К.Үсөнбеков атындагы жана Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы С.Абдрахманов орто мектептери райондук деңгээлдеги сынактан утуп, Каракол шаарында жана Тоң райондорунда 1-орун үчүн таймаш жүрүүдө.

Жыйынтыгында жеңүүчү командалар 2024-жылдын 30-сентябрында өтчү облустук таймашка катышып, республикалык сынакка жолдомо алышат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу